Аймак

Базарбай МАДОМОРОВ: “ЭЛ-ТАРАЗА, ЭЛ-СЫНЧЫ, ЭЛИМ БЕРЕТ СЫЙЛЫКТЫ”

Базарбай МАДОМОРОВ: “ЭЛ-ТАРАЗА, ЭЛ-СЫНЧЫ, ЭЛИМ БЕРЕТ СЫЙЛЫКТЫ”

 3,117 Бардыгы /

Эмгеги менен элге жаккан, аккордеондун коштоосунда  созолонто ырдаган Базарбай МАДОМОРОВ редакциянын каарманы болмокчу. Эл ичинде бир топ ырлары менен белгилүү, буга чейин Т.Тыныбеков атындагы филармонияда эмгектенип, маданиятка өз салымын кошкон. Чыгармачылыкта жубайы Ч.Дооранова менен бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп иштеп келишкен. Көп кырдуу талант ээсин кепке тартып, чыгармачылык, өмүр жолу тууралуу кеп кылдык…

БАЛАЛЫК КЕЗ…

1964-жылы 5-апрелде Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун  Кызыл-Сеңир айылында жарык дүйнөгө келгем. Атам Раззакул Мадоморов, апам Жума Мадоморова  өмүр бою эле жылкы багышкан. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Кичинемден эле жылкы багып, кымыз ичип, кыйкырып улак чаап чоңойдум. Атам кичинемде санжыра айтып жүрчү, жылкы фермада иштеген Абыл Рысалиев деген акын киши эле, кийин төкмө акын болуп жүрдү. Ошол кишилер маданиятка келишиме өбөлгө болуп, түрткү берди деп ойлойм. Башыма нан менен комуз коюп, же ашкор болосуң же музыкант болосуң дегендей (күлүп). Насип экен кийин маданият техникумунда эл аспаптар оркестринин жетекчиси деген кесипти окуп бүттүм.

МАДАНИЯТТАГЫ 38 ЖЫЛ

Мектепти бүтүп, 1981-жылы Сузак маданият бөлүмүнө ишке киргем. Анда “Көк-Арт кайрыктары” деген ыр-бий ансамбли бар экен. Ал жерде 180ден ашуун ансамблдин катышуучуларынын алдында мени сынап көрүшкөн. Мен сахнага чыгып буттарым калтырап,  аккордеон  менен ырдагам. Анда арык чырай узун жигит элем. “Сен жакшы ырдайт экенсиң, бийлей да аласыңбы?” – деди, ооба десем бийчилер тобуна кошуп койду. Кийин мектепте музыка мугалими болуп иштеп жүрдүм. Андан бери 38 жыл өтүп, маданият тармагында эмгектенип келем. 1987-жылы окууну бүтүп армияга барып келдим. Анын арасында театрда да бир жыл иштедим. Көптөгөн ролдорду аткарып, анын ичинде “Мырзакул болуш” деген спектаклде да роль ойногом. 1994-жылы областтык филармония ачылгандан баштап жандуу эстрадалык топко  ишке киргенмин. Ал жерде көркөм жетекчи, директордун орун басары, режиссёр деген кызматтарды аркаладым. Бул убакыт ичинде көптөгөн жаштарды тарбияладык, топторду түздүк.  Арзыбек Бедияровдун айтылуу “Гүлгүн жаш” тобун да мен түптөп, түзгөнмүн. Азыр өзү дагы айтып жүрөт. “Манастын-1000”, “Курманжан датканын 200 жылдыгы” мааракелеринде, Көчмөндөр оюндарында биздин топтор катышкан. 1994-жылдан 2016-жылга чейин филармонияда иштедим. Азыр эми К.Т.Шарипович Эл аралык университетинде маданий эстетикалык борбордун жетекчиси кызматында эмгектенип келем.

Негизи жумуш учурунда кызыктуу окуялар көп болгон. Азыр эстей албай жатам. Бирок гастролдоп Кыргызстан ичинде көп чыктык. Кыдырып жүргөндө ачка калган күндөрүбүз болот эле. Свет өчүп калып, шамдардын жарыгында жандуу концерт өткөргөн учурларды айтпай эле коеюн. Ушундай күндөрдүн биринде бир айылга гастролдоп барып калдык. Маданият үйүнүн полун кургай элегинде кагып, кургаганда ажырап кеткен экен. Бир кызыбыз ырдап жатып каблугунун такасы ошол ажырап калган жерге кирген бойдон чыкпай катып калат. Ал чыгара албай, сахнага туфлисин чечип чыгып кеткен учурлар болгон (күлүп).

ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАН ТАПКАН БАКЫТ

Мен маданият техникумунда окуп жаткан кезде жылдыздардын катарында жүргөм. Себеби иштеп келип анан окууга тапшырган үчүн алдыңкы студенттердин бири элем. Ибрагим Жунусов досум экөөбүз аккордеон, мен гитара чертип тойго чыгат элек. Ошондо сабакка деле катыша албай калчубуз. Жубайым экөөбүздү да чыгармачылык табыштырган. Техникумдун эң сулуу кызы  Чынара менен таанышып калдым. Кийин 1988-жылы 1-майда баш коштук. Ал өзү да жакшы ырдачу, мен деле ырдаганга үйрөттүм. Кесибин өзгөрттүм десем болот, өзү актриса болчу кийин ырдап калды. Жубайым экөөбүз эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойттук. Балдарыбызды кесип тандоодо эркине койдук.Улуу балабыз банкир, бирок обон чыгарып, аранжировка жасайт. Кызыбыз болсо консерваториянын классикалык вокал бөлүмүн бүтүрүп, өнөр жолун тандады.

Эки чыгармачылык адамга жумушта оңой болгону менен турмушта бир аз кыйынчылыктар болот. Себеби  бала-чакалуу болгондон кийин балдарды калтырып, экөөбүз тең концерттерге кетип калганы туура келип калат. Балдарыбыз кароосуз эле калып, өздөрү менен өздөрү чоңойду. Тамакты жасап берип, үйдү култап кетчүбуз. Анда Жалал-Абадда эки ресторан да кечинде иштеп, күндүзү филармонияда иштейт элек. Кээде концерт болгондо балдарыбызды ээрчитип барчубуз. Бир жолу бир жерде концерт коюп, кичине балабызды ала барганбыз. Концерт айылдын спорт залында өтүп, балабызды бир бөлмөнүн ичиндеги күрөшкөн килемдердин үстүнө уктатып, эшикти жаап койгон элек. Элдер сыртта концерт көрүп жаткан. Ал бүтүп, аппараттарды жыйнап баланы таштап келе бериптирбиз. Эки-үч айыл өткөндөн кийин бала жок деп издеп калбайбызбы. Кайра барсак, кароолчу спорт залды култап кетип калган. Ушул сыяктуу окуялар көп болот. Жашоодо тууган-урук менен катташуу, башка жумуштар калып калат. Бирок чыгармачылыкта оңой болот. Бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп, үйдө чогуу даярданып дегендей. Жубайым менен сахнада иштеп келе жатканыбызга 30 жылдан ашып калды.

УСТАТТАН ШАКИРТ ӨТӨТ

Мени окуткан агайларымдын баарын устат деп эсептейм. Дүйшөн Молдобаев, Николай Василиевич Буров деген агай мага аккордеондон сабак берчү. Алардан көп музыкалык билимдерди ала алдым. Ал эми өзүбүздүн тууганыбыз, айылдашым Арзыбек Бедияровдон дагы көп нерсе үйрөндүм. Кичине кезимде аккордеонун көтөрүп алып кымыз ичкени үйгө келип калчу. Бул кишинин да маданият тармагына кызыгып калышыма түрткүсү бар. Ал эми биз да көп шакирт тарбиялап койдук. Азыр студенттер арасында да талантуу шакирттер бар. Аккордеон үйрөтүп, Кыял Токтомбаев деген шакиртимди тарбиялагам. Эки жыл мурун Рыспай Абдыкадыровдун элесине арналган сынакта областтан гран-прини алып, республика боюнча экинчи орунга жетишти.

СЫЙЛЫК ЖАНА СЫЙМЫК

Мурун чоң мааракелерде да сыйлыкты ар бир областтан 3-4 адамга беришчү. Ошолордун катарында “Манас-1000”, “Ош-3000” деген сыйлыктарды алгам. Шаардын мэриясынын, губернатордун, министрдин Ардак грамотасына жетишкем. Р.Абдыкадыровдун республикалык конкурсуна катышып 1-орунду багынтканмын. “Аккордеон ойногун” теле-сынагынын 1-орунун ээси, Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси наамына ээ болдум. Президенттин Ардак грамотасы мамлекеттик сыйлык болот эмеспи, муну алуу деле татаал. Анткени комиссиянын чечими менен берилет. Биз филармонияда 40 жылдан ашуун иштеген комузчу Токтомурат Осмоналиев менен 5 жолу жөнөттүк. Документ барат, кайра келе берет. Бирок Сузак районунун жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулумун. Эми эл тараза эл сынчы дейт, элим берет сыйлыкты.  Маданиятка азыр анча көңүл бурулбай калды. Ар ким өзү билген намазын окуп дегендей. Кесипкөй, окуган, билимдүү адистер аз. Бардыгы айлык акы, шарттын жогунан ишти таштап, башка кызматтарга кетишти.

Акылай КАРАБАЕВА, “АЙМАК”

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17