Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,385 Бардыгы / Кыргызстандын түштүк баш калаасындагы Ош облусунун жана Ош шаарынын жетекчилери катышкан 7-апрелге арналган иш-чарада адегенде эки ыңкылапта шейит кеткендерге багышталып куран окулду. Анан гана эки аймактын башчысынын тең дарегине ачуу гана сындар айтылды. А түгүл айрым ыңкылапчылар Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевден кеңсесин токтоосуз бошотуп коюуну дагы ачык эле […]
3,386 Бардыгы / Кыргызстандын түштүк баш калаасындагы Ош облусунун жана Ош шаарынын жетекчилери катышкан 7-апрелге арналган иш-чарада адегенде эки ыңкылапта шейит кеткендерге багышталып куран окулду. Анан гана эки аймактын башчысынын тең дарегине ачуу гана сындар айтылды. А түгүл айрым ыңкылапчылар Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевден кеңсесин токтоосуз бошотуп коюуну дагы ачык эле […]
24-МАРТ 7-АПРЕЛДИН КӨЛКӨСҮНДӨ ГАНА КАЛЫП, УЛАМ УНУТУЛУП БАРАТАТ
05.04.2019 / Автор aymak3,387 Бардыгы /
Кыргызстандын түштүк баш калаасындагы Ош облусунун жана Ош шаарынын жетекчилери катышкан 7-апрелге арналган иш-чарада адегенде эки ыңкылапта шейит кеткендерге багышталып куран окулду. Анан гана эки аймактын башчысынын тең дарегине ачуу гана сындар айтылды. А түгүл айрым ыңкылапчылар Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевден кеңсесин токтоосуз бошотуп коюуну дагы ачык эле талап кылышты.
Адегенде Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов оштук ыңкылапчыларды 7-апрель Элдик ыңкылап күнү менен алмак-салмак чын ыкластан куттукташып, ар бирине чың ден соолук жана узун өмүр гана тилешти.
Кушбак ТЕЗЕКБАЕВ, мамлекеттик жана коомдук ишмер: – 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылап болбосо, эл экинчи ирет 2010-жылдын 7-апрелинде дагы кайрадан тегиз көтөрүлбөйт эле. Анткени, азыр деле бийлик ошол өткөн окуялардан ачуу сабак ала элек. Акылына дагыле кирбеди. Узарбек мырза (Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев – автор) кабинетиңди бизге кайрадан бошотуп бер! Өзүбүз эле ремонттоп, ошондо олтуруп гана иштейбиз. Чыдоонун дагы чеги болот, эй! Жакында курултай өткөрүп, биз, ыңклапчылар дагы чекесинен тазаланабыз! Анан дагы дал ошону азыркы Кыргыз бийлигинен мындан ары катуу талап кылабыз!
Абдыкайым КАНГЕЛДИЕВ, коомдук ишмер: – 2010-жылдын 7-апрель ыңкылабынын тогуз жылдыгын белгилеп коелу десек, демилгебизди Узарбек Жылкыбаев дегеле кубаттаган жок! Ал эми Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аппарат жетекчисине шылтап гана кутулду. А райондордо акимдер 7-апрелге арналган иш-чаранын катышуучуларынын тизмесин улам-улам сураштырып мукуратышты. Көзүңөрдү ачкыла! Бизге мындай мамилеңер өзүңөргө гана муш болуп тийээрин унутпагыла?
Гүлсана ЭСЕНБАЕВА, ыңкылапчы: – Биз, энелер, эки ыңкылапка катышкан апалар, өлкөбүздө дагы бир революциянын болушун таптакыр каалабайбыз! Биздин кичинекей мамлекетибизде мындан ары эволюция (өнүгүү) гана болушун тилейбиз! Андыктан, өлкө жетекчилиги бийлик бутактарына кесипкөй, жаш жана мекенчил жаштарды көбүрөөк аралаштырсын!
Ошентип 7-апрель ыңкылабына арналган Ош шаарындагы иш-чарада бийлик дарегине ачуу сындар гана айтылды. Көпчүлүгү ушул күнү эмдиги жылдан тартып жер-жерлерде конференция-форумдарды байма-бай уюштуруп, 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик ыңкылаптардын чыныгы себептерин, маани-маңызын жана сабактарын кең-кесири талдоону бийликтен талап этип тарашты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 1500 ОКУУЧУ “МАНАС” АЙТТЫ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg АТАТҮРК ПАРКЫНАН ЖЕР АЛГАН ЖАРАНДАРДЫН БИР ТОБУ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛДЫ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg АДАХАН МАДУМАРОВ УКМКНЫН ТЕРГӨӨ АБАГЫНАН ЧЫКТЫ
-
23.11.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА ӨЗБЕКСТАНДЫК МИГРАНТТАР КАТЫШКАН ЖАПЫРТ МУШТАШ БОЛДУ
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.