Аймак

ЭКИ ЖҮЗ БАЛАСЫ «АЛТЫН БАЛАЛЫК» ЛАГЕРИНДЕ АКЫСЫЗ ЭС АЛЫШАТ

ЭКИ ЖҮЗ БАЛАСЫ  «АЛТЫН БАЛАЛЫК» ЛАГЕРИНДЕ АКЫСЫЗ ЭС АЛЫШАТ

 1,362 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында жашап жатышкан аз камсыз болгон 200 бала Сузак районундагы Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Алтын балалык» лагеринде акысыз эс алышат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан маалымдашкандай, калаада аз камсыз этилген, анан дагы ата-энесинен ажыраган, 2020-жылкы июнь коогалаңында дапа чеккендердин, Чернобыль апаатын жоюуга катышкандардын балдары аталган лагерге жайкы эс алуу максатында жиберилди.

Расмий маалыматка караганда, балдар Сузак районундагы Жалал-Абад шаардык мэриясынын карамагындагы «Алтын балалык» лагеринде татыктуу эс алышат жана шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда жеткирилет. Лагерди оңдоп-төзөөдөн өткөрүү жана балдардын тамак-ашы үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясынан жыл сайын акча каражаты бөлүнөт.

Белгилей кетчү жагдай: «Алтын балалык» лагеринде жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан 200 бала заманбап эс алдырылат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17