Аймак

ПУТИН УКРАИНА МЕНЕН ОРУСИЯДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАРГА БАТЫШ ЧАЛГЫНЧЫЛАРЫН АЙЫПТАДЫ

ПУТИН УКРАИНА МЕНЕН ОРУСИЯДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАРГА БАТЫШ ЧАЛГЫНЧЫЛАРЫН АЙЫПТАДЫ

 984 Бардыгы /

Орусия президенти Владимир Путин Орусияда жана Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн аймактарында теракттарды жана диверсияларды даярдоого “үчүнчү өлкөлөрдүн атайын кызматтары катышып жатканын” билдирди.

Путин бул сөзүн далилдеген жок, тек гана “мындай деп айтууга бардык негиз” бар деди. Анын айтымында, бийлик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө, журналисттерге, коомдук ишмерлерге каршы теракттар жасалууда. Орусия президенти Украинанын аннексияланган аймактарында коопсуздукту камсыздоого арналган жыйынында сөз сүйлөп жатып, буга конкреттүү мисал келтирген жок. Путин ал жакта абал оор экенин айтып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коопсуздукту камсыздоо үчүн бардык аракетти жумшоого чакырды. Коопсуздук кеңешинин жыйынына аннексияланган төрт облустун Москва дайындаган башчылары да катышты.

Путин оккупацияланган аймактарды интеграциялоого жана согуштан талкаланган шаарларды калыбына келтирүүнү тездетүүгө чакырды.

Киев Орусия басып алган аймактарды кайра кайтарып аларын билдирип келет. Бул үчүн Украина ири масштабдуу чабуулга даярдык көрүүдө. Былтыр Украина Орусия аннексиялаганын жарыялаган айрым аймактарды – Херсон менен Донецк облустарынын бир бөлүгүн кайрадан өз көзөмөлүнө алган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17