Аймак

ТҮШТҮКТӨ ТОЮТ УЛАМ КЫМБАТТАП БАРАТАТ

ТҮШТҮКТӨ ТОЮТ УЛАМ КЫМБАТТАП БАРАТАТ

 588 Бардыгы /

          ОШ. Кыргызстандын түштүк облустарында жем-чөптү фермерлер Чүйдөн жана дагы  Таластан сатып келүүгө аргасыз болуп жаткандыгын айтышууда. Бирок, аталган аймактарда деле акыбал абат эмес! Ошондуктан, айрым фермерлер мал-жандыктарын базарга эмитен алып чыгып сатышып, санын улам азайтып гана жатышат.

          Өзгөн районунун тургуну Зайна Базарбаева отуз жылдан бери асыл тукум жылкы багып, башын жүзгө чейин жеткирген. Бирок, жылдан-жылга тоют менен камсыздоо оор түйшүккө айланып, быйыл каатчылык курч деген  санаада. Анын айтымында, ушу тапта мал этинен түшкөнчө сатып жиберсек дегендер абдан көп.

-Мен бул жылкыларды отуз жылдан бери көбөйтүп, асылдандырып гана келатам. Быйыл ушундай аргасыздык болуп калды, кыштан чыгуу үчүн башын азайтууга туура келүүдө. Бирок, мал арзан болуп жатпайбы, сатыкка көп чыкса эле ушундай болот экен. 200 миң сомдон алган жылкылар азыр базарда 120 миң сом. Былтыр алты ай колдо карадым. Асыл тукум жылкылардын талаага да таштап кое албайт экенсиң. Жылкы тоют көп жеген жаныбар да… – деп чырылдады Өзгөн районунун тургуну, фермер Зайна Базарбаева. 

          Баса, өзгөндүк фермер Зайна Базарбаева быйыл 30 тоннадан ашык жем камдаган. Бирок, кыш узакка созулуп кетсе, бул дагы жетпей калат деп санаага баткан маалы. Ушул тапта Ош шаарына Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондорунан келип жем-чөп сатып кетишкендер толтура. Ош шаарынын чыгыш тарабындагы Ош – Сары-Таш – Эркечтам автоунаа жолунун боюнда чөп саткан базар күнү-түнү иштеп жаткан маалы.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17