Аймак

ОШ ШААРЫНЫН ДЕТАЛДЫК ПЛАНДОО ДОЛБООРУ АЛТЫ ЖЫЛДАН КИЙИН АРАҢ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

ОШ ШААРЫНЫН ДЕТАЛДЫК ПЛАНДОО ДОЛБООРУ АЛТЫ ЖЫЛДАН КИЙИН АРАҢ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

 618 Бардыгы /

2023-жылдын акыркы күндөрүндө Ош шаардык Кеңешинин депутаттары кезектеги сессиясында гана Кыргызстандын Түштүк башаласынын пландоо долбоорун араң бекитти.

          Буга дейре 2017-жылы башкы план кабыл алынганы менен деталдык пландоо иштери толук бүтпөй калган эле. Деталдуу пландоого шаардын борбордук бөлүгү тагыраагы 3500 гектар аянты кирген. Шаардын башкы планы боюнча калаа жалпысынан 400 миң адам жашоого гана ылайыкташып жаңы 24 бала бакча, азыркы иштеп жаткан мектептерди кошкондо 100дөн ашык мектептин курулушу каралган болчу. Мындан тышары жолдорду кеңейтүү, көп кабаттуу үйлөрдүн бийиктиктерин дагы аныктоо, жашыл аймактар, өндүрүштүк аймактар өңдөнгөн жумуштар киргизилген.

          Ошентип, деталдык пландоо иштери 2017-жылы башталып, 19 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Ош – Кыргызстанда Бишкектен кийинки эле эң ири шаары. Расмий маалыматка караганда, шаарда 360 миңден ашуун калк жашайт.

     Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17