Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,185 Бардыгы / ОШ. Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу Агенттиги мектеп окуучуларынын жолакысын көтөрүүнү үстөккө-босток демилгелеп, а түгүл калаа тургундары менен байма-бай жолугушуп, алардын арасында түшүндүрүү жараянын ого бетер күчөттү. Жергиликтүү калк жана серепчилер мындай кадам чоң нааразычылыктын толкунун гана жаратып, өлкөбүздө дагы бир социалдык жарылууну шарттайт деп үстөккө-босток коңгуроо кагышууда. – Ош шаарында жергиликтүү жашоочулардын гана […]
1,186 Бардыгы / ОШ. Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу Агенттиги мектеп окуучуларынын жолакысын көтөрүүнү үстөккө-босток демилгелеп, а түгүл калаа тургундары менен байма-бай жолугушуп, алардын арасында түшүндүрүү жараянын ого бетер күчөттү. Жергиликтүү калк жана серепчилер мындай кадам чоң нааразычылыктын толкунун гана жаратып, өлкөбүздө дагы бир социалдык жарылууну шарттайт деп үстөккө-босток коңгуроо кагышууда. – Ош шаарында жергиликтүү жашоочулардын гана […]
ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ЖОЛ АКЫСЫН КӨТӨРҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕНДИ
22.04.2019 / Автор aymak1,187 Бардыгы /
ОШ. Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу Агенттиги мектеп окуучуларынын жолакысын көтөрүүнү үстөккө-босток демилгелеп, а түгүл калаа тургундары менен байма-бай жолугушуп, алардын арасында түшүндүрүү жараянын ого бетер күчөттү. Жергиликтүү калк жана серепчилер мындай кадам чоң нааразычылыктын толкунун гана жаратып, өлкөбүздө дагы бир социалдык жарылууну шарттайт деп үстөккө-босток коңгуроо кагышууда.
– Ош шаарында жергиликтүү жашоочулардын гана эмес калаабызга тынымсыз агылган ички мигранттардын катары дагы улам эле калыңдап баратат. Андыктан, жүрүгүнчүлөрдү 30 автобус, 23 троллейбус жана 1200дөн ашуун кичиавтобус гана аргасыздан туруктуу тейлеп келатат, – деп кеп баштады Ош шаардык мэриясынын өкүлү Максуд Маматазизов. – Андыктан, соңку тапта окуучулардын дагы саны улам эле өсүп баратат. Ошол себептүү булардын жолкиресин беш сомго көтөрүү Ош шаардык транспорт Агенттиги тарабынан абдан катуу демилгеленип жатат.
– Албетте, беш сомду басымдуу ата-энелер дегеле көтөрө алышпайт! – деп тызылдады Ош шаарынын тургуну Айгүл КАРАМОЛДОЕВА. – Маселен, менин тогуз балам бар. Булардын алтоо ар мектепте окушат. Эсептесем, бир эле балама ай сайын жок дегенде эки жүз сомдон ашык каражат сарптайт экемин. Жолдошум дагы иштебей үйдө олтурат. Өкмөт берген пособие менен эле эптеп өлбөстүн күнү көрүп, моминтип араң жансактап келатабыз. Бизди аягылачы, айланайындар?
– Биздин чоңдордун эмне баласы жокпу? Же, элдин баарын алар өздөрүндөй эле абдан жетиштүү турмушта жашашат деп ойлошобу, ыя? – деп агынан жарылды Ош калаасынын дагы бир жашоочусу Турсунбек НАДЫРОВ. – Кыргыз Өкмөтү, мунун ичинде жергиликтүү бийлик адегенде өз элин туруктуу жумуш менен камсыз этишсинчи? Анан каалаганын кылышсын, чыдайбыз!
– Көрдүңүздөр го. Биздин деле жашообуз жыргал эмес! – деп ымандай сырын төктү айдоочу Микрам ЖАНТУРАЕВ. – Өкмөткө салык, анан СоцФондго дагы каражат ай сайын кечеңдетпестен төгүп турабыз. Күйүүчү-майлоочу заттар деле өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн сарпталат. Ремонтту айтпай эле коеюн. Бир эле дөңгөлөгүбүз – алты миң сом. Эң башкысы: ушул кезге дейре каттамдарды үзгүлтүккө учурата элекпиз.
– Сүрүштүрсөк, Ош шаарында он сегиз жылдан бери жол акы төрт ирет өзгөрүптүр. Бирок, булардын бирөөндө дагы окуучулардын жолкиреси эч жогорулатылбастан, бир сом бойдон эле калыптыр, – деп кайрадан кепке аралашты Ош шаардык мэриясынын өкүлү Максуд Маматазизов. – Албетте, жаңы демилгени Ош шаардык Кеңеши ар тараптуу караштырып, анан гана биржаңсыл чечет. Ага дейре мен деле бир нерсе айта албаймын.
Жергиликтүү серепчилер Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу Агенттигинин мектеп окуучуларынын жолакысын көтөрүү демилгеси нааразычылыктын жаңы толкунун гана жаратат деп байма-бай коңгуроо кагып жатышат.
– Элибиздин учурдагы социалдык абалы дегеле абат эмес! Анан күйүүчү-майлоочу заттар деле дээрлик кымбаттаган жок. Демек, окуучулардын жолкиресин токтоосуз түрдө көтөрүүгө негиз кана? – дейт серепчи Жыргалбек ЖЭЭНБЕКОВ. – Кокус окуучулардын жолакысы жогорулатылса, муну Кыргызстандагы үчүнчү күчтөр сөзсүз саясатташтырып, өз ыңгайына жараша акыры пайдаланат! Анда буларды – толкуган элди токтотуу дегеле кыйынга турат жана узакка созулат!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
26.03.2024 / Автор anarkan_kg ТИМ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ АЗЫРЫНЧА ОРУСИЯГА БАРБАЙ ТУРУУГА ЧАКЫРДЫ
-
01.04.2024 / Автор anarkan_kg АЙДООЧУЛАРГА АМАНЧЫЛЫК ТИЛЕГЕН ООЗ АЧАР УЮШТУРУЛДУ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.