Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,713 Бардыгы / – Шакир Мамадалиев Өзгөн шаарынын вице-мэри кезинде ошол маалдагы мэр Мухтар Халматовдун атын кадимкидей сатып, анын наамынан эле көптөгөн маанилүү документтерге мыйзамсыз түрдө кол коюп, жеке пайдасына гана тууралаган. Ошентип, Өзгөн шаарынын эң майлуу-сүттүү жерлерин бүт каалагандай калчап, өз тааныш-тунуштарына энчилеген. Эми бул шылуун район акими Мурат Раматовду дагы каратып туруп алдап, өзүн […]
2,714 Бардыгы / – Шакир Мамадалиев Өзгөн шаарынын вице-мэри кезинде ошол маалдагы мэр Мухтар Халматовдун атын кадимкидей сатып, анын наамынан эле көптөгөн маанилүү документтерге мыйзамсыз түрдө кол коюп, жеке пайдасына гана тууралаган. Ошентип, Өзгөн шаарынын эң майлуу-сүттүү жерлерин бүт каалагандай калчап, өз тааныш-тунуштарына энчилеген. Эми бул шылуун район акими Мурат Раматовду дагы каратып туруп алдап, өзүн […]
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ ШАКИР МАМАДАЛИЕВ СОО ЭМЕС!
23.06.2022 / Автор anarkan_kg2,715 Бардыгы /
– Шакир Мамадалиев Өзгөн шаарынын вице-мэри кезинде ошол маалдагы мэр Мухтар Халматовдун атын кадимкидей сатып, анын наамынан эле көптөгөн маанилүү документтерге мыйзамсыз түрдө кол коюп, жеке пайдасына гана тууралаган. Ошентип, Өзгөн шаарынын эң майлуу-сүттүү жерлерин бүт каалагандай калчап, өз тааныш-тунуштарына энчилеген. Эми бул шылуун район акими Мурат Раматовду дагы каратып туруп алдап, өзүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчылыгына дайындатып олтурат. Эгерде Өзгөн районунун, же Ош облусунун укук коргоо органдары Шакир Мамадалиевдин жосунсуз жоруктарына чукул арада укуктук калыс баа беришпесе, биз ар кандай нааразычылык акцияларын уюштурганга дагы мажбурбуз! Минтпесек, борбордук бийлик, анан дагы президентибиз Садыр Нургожоевич Өзгөн шаарынын жашоочуларынын муң-зарын дегеле угушчудай түрү жок!
Жылдызкан ЖОЛДОШЕВА, Өзгөн шаарынын тургуну:
– Өзгөн шаарындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасына караштуу аймакта мөмө-жемиш базары бар эле. Мен ошол жерде жана дагы атайын машина токтотуучу жайда акча-жыйым топтогуч элем. Өзүм жалгыз беш жыл бою мамлекеттин казынасына 5 миллион акча төккөнмүн. Кийинчерээк бизди күчкө салып эч ким басып барбаган автовокзалга мажбурлап атып көчүрүштү. А бул жактан жогорудагы көлөмдөгү акча түшпөй калды. Ким утту? Ким зыян тартты, эй? Мындан тышкары бир ирет мен Өзгөн шаарынын вице-мэри Шакир Мамадалиевдин кеңсесинде жумуштап олтурсам, «Эми өзбектерди жайлайбыз!» деп ызырынды. Көрсө, ошогезде ишкер Акыл Нурматовдон «Базар үчүн жай жасап берем!»- деп акча алган маалы экен.
Токтобай ТӨРӨГЕЛДИЕВ, жарандык активист:
– Мен жогорудагы фактыны бир жаңсыл такташтыруу максатында ошогездеги Өзгөн шаарынын вице-мэри Шакир Мамадалиевдин кеңсесине ишкер Акылбек Нурматовду ээрчитип түз эле кирсем, Шакир бизнесменден ишин оң жагына сөзсүз чечип берем деп 30 миң сом алгандыгын эч танган жок! Анткени 264,0 чарчы метр жер тилкесин ишкер, Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылынын жашоочусу Акылбек Нурматовго ошогездеги Өзгөн шаарынын мэри Мухтар Халматов 2019-жылдын 1-ноябрдагы №185-токтомуна ылайык убактылуу пайдаланууга берген. Анан дагы бул буйруктуу аткаруу жагын ошогездеги Өзгөн шаарынын вице-мэри Шакир Мамадалиевге тапшырган. Ошентип аталган жер тилкесинин – жайма базардын ижара мөөнөтү бүтүп калган экен, «Муну дагы сөзсүз узартып, анан жайгарам!»- деп абдан катуу убада кылып, тилекке каршы жигитичилик сөзүнө турган жок! Айласы таптакыр куруганда бизнесмен Акылбек Нурматов Шакир Мамадалиевдин үстүнөн Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө дагы даттанган. Бирок арыз ээси Акылбек Нурматовду Шакир Мамадалиев каратып туруп дагы баягыл бал тилине салып алдап, ага тосмо арыз жаздырткан бойдон куйругун түйүп качып жүрөт. Эми ушундай шылуун кантип Өзгөн районундагы эң чоң айыл өкмөтүн уялбастан башкарып жатат, эй?
Бул аралыкта элет эли каршы экендигине карабастан Өзгөн шаарынын вице-мэри Шакир Мамадалиевди Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы кылып олтургузган ошогездеги район акими Мурат Раматов өзү жоболоңдуу окуядан кийин кызматынан дароо кол жууду. Ал эми жаңы дайындалган Өзгөн райоунун акими Шабдан АБЫКАЕВ менен байланышканыбызда, «Бардыгы мыйзам чегинде гана чечилиши кажет. Мен мурунку жана азыркы айыл өкмөт башчыларынын эч кимисине тартпаймын! Бирок сот чечимине сөзсүз баш ийем!» –деп гана опоңой кутулду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Өзгөн шаары
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕ 100 МИҢ СОМДОН ЖАРДАМ БЕРИЛЕТ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНА 38 ЖЫЛ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 1500 ОКУУЧУ “МАНАС” АЙТТЫ
-
08.06.2023 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДА ТАЖИК МИГРАНТТАРЫН КАРМОО УЛАНУУДА
-
19.06.2023 / Автор anarkan_kg МЭР БУУнун КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛҮ АНТЬЕ ГРАВЕНИ КАБЫЛ АЛДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.