Аймак

ОШ ШААРЫНДА ЖАКЫР ЖАШАГАН 160 ҮЙ-БҮЛӨГӨ БИЗНЕС БАШТОО ҮЧҮН КОЛДОО КӨРСӨТҮЛӨТ

ОШ ШААРЫНДА ЖАКЫР ЖАШАГАН 160 ҮЙ-БҮЛӨГӨ БИЗНЕС БАШТОО ҮЧҮН КОЛДОО КӨРСӨТҮЛӨТ

 390 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында аз камсыз этилген 160 үй-бүлөгө бизнесин баштоого акчалай колдоо көрсөтүлөт. Азырынча 68 үй-бүлө 100 миң сомдон атайын сертификат алышты. Ал эми калган бизнес-долбоорлор дагы атайын комиссиянын кароосунан тыкыр өтүүдө.

Бардык бизнес-идеялар эки этаптуу катуу иргөөдөн өткөрүлөт. Жергиликтүү бийлик органдарынын, Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн куралган комиссия киргизилген сунуштарды кылдат гана иликтейт. Анткени, ар бир долбоор, ар бир чечим шаардын өнүгүшүнө салым болуп саналат! – деп баса белгиледи Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова сертификаттарды тапшыруу учурунда. – Мындан ары аталган долбоорлордун аткарылышы тыкыр көзөмөлдө болот. Ар кандай бийлик органдары тарабынан эмдөө, мал чарбачылыгына тартылган катышуучуларга консультация берүү, тамак-аш азыктарын өндүргөн катышуучулардын санитардык абалын текшерүү тыкыр жүргүзүлүүдө.

Ошентип, өкмөттүк эмес сектор жарандык коомду – жаңыдан үй-бүлөлүк бизнесин баштагандарды каржылык сабаттуулукка, бизнес-пландоого жана дагы чакан ишкердикти өнүктүрүүгө окутууну уюштурууга көмөк көрсөтмөкчү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17